2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде Ички аскерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Ички аскерлердин командачылыгында майрамдык иш-чара Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, Ички аскерлердин Командачылыгынын аскер кызматкерлеринин, ардагерлердин жана чакырылган меймандардын катышуусунда болуп өттү.

Салтанаттуу аземдин башында, иш-чаранын катышуучулары  Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин  эскерүү менен  “Баатырлар аллеясынын”  өчпөс отуна гүлчамбар коюшту.

“Ички аскерлер муундардын ажырагыс байланышын жана аскердик салттардын улануусун түптөп,   Мекен үчүн жан аябастык менен кызмат кылуу идеясын ишке ашырып,  Мекен үчүн өз өмүрүн арнагандардын элесине таазим этип,  мекенчилдик менен аскердик кызматка болгон мамилени жаш муундардын арасында Кыргызстандын жаранынын ыйык милдети катары калыптандырат”, — деп белгиледи өз сөзүндө Октябрь Урмамбетов.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары Ички аскерлердин Штандартын Ички аскерлердин Колбашчысы полковник Дамир Алыбаевге тапшырды. Ички иштер министринин, Ички аскерлердин колбашчысынын жана өз ара кызматташкан түзүмдөрдүн буйруктары менен кызматында өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда майрамдык концерттик программа тартууланды.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы