Коом
Абанын күндүзгү температурасы
Кыргызгидромет билдиргендей, 25-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +24…+29
Талас облусунда +22…+27
Баткен облусунда +27…+32
Ош, Жалал-Абад облустарында +27…+32
Ысык-Көл облусунда +18…+23
Нарын облусунда +19…+24
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +27…+29° болот.