![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp_image_2022-08-25_at_08_58_19.730x0.jpeg)
Коом
Мэрия Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үй курат
Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы 72 батирлүү турак үй курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, 9 кабаттуу объектини Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүнө куруу пландалууда.
Курулуштун пландалып жаткан суммасы 156 млн 897 миң 121 сомду түзөт. Сынактык тапшырыкты берүүнүн мөөнөтү 7-сентябрга чейин.