Коом

Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «Келечек» Жаштар форуму башталды

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «Келечек» I Жаштар форуму башталды.

Иш-чараны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ачты.

Форум жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытталат.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Өзбекстандан, Белорусь жана Армениянын мамлекеттик секторлорунун, креативдүү индустрия, билим берүү жана илим, ишкерлер, коомдук жана маданият ишмерлеринен 250дөн ашык жаш өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, мындай форматтагы иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button