Япония өкмөтү мурдагы премьер-министр Синдзо Абэни акыркы сапарга узатуу зыйнатына 250 миллион иен (1,8 миллион доллар) сарптамакчы. Бул тууралуу япониялык Kyodo агенттиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен чыгымдын акыркы суммасы 26-августта министрлер кабинетинин жыйынында бекитилет. Бул акча коронавирустан коргонуучу шаймандарды жана жайларды ижарага алууга жумшалат.

Жапон өкмөтүнүн күтүүсүнө ылайык, Синдзо Абэнин мамлекеттик тажиясына 6,4 миң адам катышат. Салтанатка Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын вице-президенти Камала Харрис, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер катышышы керек. Киодо агенттигинин маалыматына караганда, салтанатка Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да катышат.

Синдзо Абени мамлекеттик акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-сентябрга белгиленген. Буга чейин Nikkei гезити Жапония Орусиянын президенти Владимир Путин салтанатка катышууну кааласа, аны киргизбей турганын жазган. Санкциялардан улам ага өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Эске салсак, Синдзо Абэ 8-июлда шайлоо митингинде атып өлтүрүлгөн. 12-июлда Токиодо Абэнин үй-бүлө мүчөлөрү жана шериктери үчүн жеке акыркы сапарга узатуу аземи болуп өттү. Экс-премьердин сөөгү өрттөлдү.