Коом

«Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт

«Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу брифингде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жолчу-инженери Куштарбек Аманов билдирди.

Анын айтымында, «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулуш долбоору 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи, Кызыл-Жылдыз – Арал тилкесинде иштер 2018-жылы бүтүп, жол пайдаланууга берилген, Казарман – Жалал-Абад тилкесинде 3 миң 283,5 метр узундукта тоннель куруу иштерин бүтүрүү калды. Жалпы узундуктун 3 миң 890 метринде иштер бүтүп, 606,5 метри калды. Ошентип, иштер 2023-жылдын ноябрында толук бүткөрүлөт.

Экинчи этапта Арал – Казарман тилкеси бүткөрүлүп, азыр кемчиликтер оңдолуп жатат. Аяктоо мөөнөтү быйылкыга белгиленген.

«Үчүнчү фаза боюнча долбоор 2024-жылы толук аяктайт. Долбоордун жалпы наркы 860 млн долларга бааланган, азыркы учурда 600 млн доллары сарпталды», — деди инженер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button