![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2022/08/crop_921_518.jpg)
Коом
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт
Бүгүн, 26-августта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.