Коом

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айсулуу табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгон жашы жете элек К.А. үйүнө кайтып келгенин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, кечээ, 25-августта дайынсыз жоголгон кыздын ата-энеси кыз саат 21:00дөр чамасында үйүнө аман-эсен кайтып келгенин билдирген.

Эске салсак, 24-август күнү борбор калаанын тургуну Н.Г., арыз менен кайрылган. Өспүрүмдүн апасы кызы 23-августта саат 20:00 чамасында «Баткен» базарындагы кафеден чыккан бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button