Нарын шаарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине автоунаа белек кылынат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Канболот Тутуев соцтармактагы баракчасына жазды.

Тутуев мындай демилге ар бир мугалимге стимул болот деп белгиледи.

«Бул демилге ар бир мугалимге стимул болот деп ишенем. Келээрки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарындагы мектептерден ким ЖРТнын Алтын сертификатын алса, ошол окуучунун мугалимине автоунаа белек кылабыз. Каржы булактарын табууну жана ушул ишти аягына чыгарууну өзүм көзөмөлдөйм.

Бул жарыяны Нарын шаарында бүгүн болуп өткөн жалпы билим берүүчүлөрдүн август конференциясында айттым.

Андыктан, жалпы мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм! Билими менен мекенге кызмат кылган уул-кыздарды таптап, коомго кошууга чакырам. Бул Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салым болоорун эске салам!», — дейт калаа башчысы.