Боордош эки мамлекетти байланыштырган уникалдуу каттам 13 жылдан кийин кайрадан ачылып, туристтердин агымын мындан ары да көбөйтүүгө өбөлгө түзүлгөнү турат.

Белгилей кетсек, Кордай айылында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп, натыйжада экономикалык ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө, анын ичинин туризм тармагында алакаларды арттыруу маселелери талкууланган. Атап айтканда, “Озерный” жана “Сары-Булак” ашуулары аркылуу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү уюштуруу багытында мындан ары биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдашууга жетишилген.

Бул маселе Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин Кыргыз Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында да талкууланып, эки өлкөнүн башчылары биргелешкен билдирүү жасаган. Тагыраагы, билдирүүнүн 13-пунктунда туризм тармагында кызматташтыкты арттыруу максатында “Озерный” жана “Сары-Булак” ашуулары аркылуу уюштурулган туристтик каттамдар боюнча туристтердин пилоттук режимде өтүүсүн уюштуруу боюнча сунушту кароо маселеси белгиленген. Ошондон кийин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш план бекитилип, тийиштүү жумуштар башталган.

Маселе парламенттердин деңгээлинде да бир канча ирет каралып, талкууланган. Мында депутат Нурланбек Азыгалиевдин салымы чоң. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү катары Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаттары менен видеоконференцияларды өткөрүп, “Озерный” жана “Сары-Булак” ашуулары аркылуу пилоттук өтүүнү уюштуруу боюнча пикир алмашкан.

Бул каттам мамлекеттер аралык экономикалык байланышты чыңдап, туристтердин санын көбөйтөрүн белгилеген эл өкүлү УКМКнын жана Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен да керектүү сүйлөшүүлөрдү алып барган. Натыйжада 2009-жылга чейин туристтер, анын ичинен активдүү эс алууну сүйүүчүлөр жана спортчулар үчүн кеңири колдонулуп келген “Озерный”-“Сары-Булак” ашуулары азыр пилоттук негизде кайрадан ачылганы турат. Эгер күтүлгөндөй жыйынтык берип, экономикалык жактан кирешелүү болсо туристтер үчүн туруктуу каттам толук ачылышы мүмкүн.

Каттамдын ачылышы өзүн сөзсүз актай тургандыгына ишенээрин айткан депутат Нурланбек Азыгалиев: “УКМКнын жана Чек ара кызматынын пилоттук негизде каттамды ачуу тууралуу чечими чоң мүмкүнчүлүктөргө карай жасалган алгачкы кадам. Бул үчүн аталган мекемелерге ыраазычылык билдирем. Андан тышкары, демилгени ишке ашырууда Туризм департаментинин жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун да салымы чоң. Биз биргелешкен аракет менен мындан ары да өлкөбүздүн туристтик потенциалын жогорулатуу аракетин көрө беребиз. Анткени алдыбызда дагы далай пландар жана чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Туризм – бул өнүгүүнүн локомотиви болгон тармак. Канчалык ага шарт түзүп, каттамдарды көбөйтсөк ошончолук жакшы жыйынтыкка жетишебиз”, – деди.