Москвада мекендештеринен акча опузалаган делип эки кыргызстандык кармалды.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Москвада ишкерлик кылган өз мекендештеринен опузалап акча талап кылуу, уурдоо менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иш жүргүзүп келген.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында белгисиз адамдар Кыргызстандын жаранын коркутуу жолу менен унаага салып, аны алып кеткен. Андан соң батирде кармап, 1 млн рубль акча талап кылышып, 78 миң рублин алып кетишкен. Эртеси жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын тергөө комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

23-августта шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан. Алар Талас облусунун 29 жаштагы М.Э. аттуу тургуну (Савалев базарындагы кыргыздар үчүн “смотрящий” криминалдык статуска ээ) жана Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы Ж.уулу Н. аттуу тургуну экени аныкталган.

Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Жогорудагы адамдар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Москвада кримтөбөлдөрдүн тапшырмасы менен иш алып барган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алар акча талап кылуу менен алектенип, ишкерлердин үстүнөн көзөмөл уюштурууга аракет кылышкан.

Кылмыштуу топту Нарын облусунда 34 жаштагы А.А. аттуу тургуну башкарып келген. Ал мурда бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон. Ошондой эле “Карагер” каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Жогорудагы кылмыштуу топтун жети мүчөсү кармалган.