Бир жумадан бери ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөөгө алынган 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү  25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

2000-жылы туулган кытай жараны Сай Тун Бишкек шардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат  ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү  ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн.

Кайрылуунун негизинде аталган кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрдү.

25-август күнү саат 15:59да Каракол шаардык ӨКБнө жарандан  Каракол капчыгайында суунун ичинде жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине саат 16:05те Каракол шаардык №15 ӨККБдан 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан кытай жаранын сөөгү куткаруучулар тарабынан чыгарылып, саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилген.