Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин демилгеси менен элчи Гүлнара-Клара Саматтын Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция иштери боюнча башкы башкармалыгынын жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусунда кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин бардык жетекчилери жана активисттери менен кезектеги кеңейтилген жолугушуусу өттү.

Элчииктен билдиргендей, жолугушуу КР жарандарына РФ аймагында жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулду.

Бул маселе боюнча РФ Ички иштер министрлигинин Миграция иштери боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү иштөө үчүн келген же башка максаттарда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү беришти:

1. КР жарандары иш жүзүндө жашаган жери (уктоо жана эс алуу үчүн колдонгон) боюнча миграциялык каттоого турууга тийиш, кабыл алуучу жак катары аларга жашоо үчүн жай берген жеке же юридикалык жактар саналат. Жарандардын иш жүзүндө жашабаган жайлардын дареги боюнча жасалма миграциялык каттоо жасатуусу Россия Федерациясында миграциялык эрежелерди одоно бузуу болуп саналат. Мындай жарандар миграциялык каттоодон мажбурлап чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартылат.

2. Иш берүүчү аларга иштеген жарандарга иш жүзүндө жашоо үчүн жай бергенде гана кабыл алуучу жак катары саналат;

3. Жаранды миграциялык каттоого тургузуу милдети, эреже катары, кабыл алуучу тарапка (атап айтканда, турак жайдын же башка жайдын ээсине) жүктөлөт.

4. Миграциялык каттоого туруу үчүн (каттоо мөөнөтү узартылган учурда) жаран кабыл алуучу тарапка паспортун, миграциялык картасын жана РФ мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү (кызмат көрсөтүү) же заказчик менен (тейлөө) түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимди берүүгө милдеттүү.

5. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандардын болушунун мыйзамдуулугу расмий эмгек же жарандык-укуктук келишим менен ырасталат. Иш берүүчү (жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн заказчиги) ушул эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөнү жөнүндө Россиянын Ички иштер министрлигине билдирүүгө милдеттүү.

6. РФда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн жумуш берүүчү же жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) заказчиги менен расмий эмгек же жарандык-укуктук келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен иш жүзүндө жашаган жери боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция маселелери боюнча бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Ошону менен бирге, өлкөдө болуу мөөнөтү расмий эмгек же жарандык-укуктук келишимдин мөөнөтүнө карап узартылат.

Аныкталбаган мөөнөткө расмий эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн учурда иштеген жарандын убактылуу болуу мөөнөтү, Россия Федерациясына кирген күндөн тартып бир жылга чейин узартылат (убактылуу болуунун көрсөтүлгөн мөөнөтү бир нече жолу узартылышы мүмкүн, бирок ар бир мындай узартуу үчүн бир жылдан ашык эмес мөөнөткө).

Россия Федерациясына башка максаттарда (жеке, туризм ж.б.) кирген жарандар Россиядан чыкпастан эле расмий эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүүгө укуктуу. Ошол эле учурда жаранга иш-сапарынын максатын өзгөртүү үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуунун кажети жок.

Иш-сапардын максатын жумуш деп өзгөртүү Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары иш берүүчүдөн же жумуштун заказчигинен (кызматтардын) аны менен расмий эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин өзгөртүлөт.

7. Жарандардын Россия Федерациясынын аймагында болушунун мыйзамдуулугун камсыз кылуучу, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө алардын укуктарын коргой турган расмий эмгек же жарандык-укуктук келишимди түзүү өтө маанилүү.

8. Жарандардын Россия Федерациясында болуу мөөнөтү 2002-жылдын 25-июлундагы № 115-ФЗ «Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык мыйзамдын 5-беренесинде каралган башка учурларда да узартылышы мүмкүн (мисалы, иштеген жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнө, окуп жаткан жарандарга, ошондой эле ооруп калганда жана башка объективдүү себептерден улам Россиядан өз убагында чыгып кете албаган учурда).

Бул маселени чечүү үчүн иш жүзүндө жашаган жериндеги Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция маселелери боюнча бөлүмүнө кайрылуу керек. Ошол эле учурда Россия Федерациясынан чыгуу жана кайра кирүү процедурасын жүргүзүү талап кылынбайт.

9. Жарандын миграциялык картасында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынганда жаранга Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу жүрүшүн тастыктаган Россия Федерациясында убактылуу жүрүүнүн уруксат берилген мөөнөтүнүн бүтүшүн көрсөтүү менен тиешелүү белги коюлат.

10. Эгерде жарандын Россияда андан ары болушу үчүн мыйзамдуу негиздери же анын аймагында убактылуу жүрүүнүн уруксат берилген мөөнөтүн узартууга негиздери жок болсо, мындай жаран Россия Федерациясында убактылуу болууга уруксат берилген мөөнөт аяктаганга чейин чыгып кетүүгө тийиш.

Ошентип, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында жана Россия Федерациясында жүрүүгө мыйзамдуу негиздери бар Кыргыз Республикасынын жарандары, башкача айтканда расмий эмгек же жарандык-укуктук келишими барларга чыгуу/кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылчылгы жок.

Элчилик Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды берүүгө ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Элчилик дагы бир жолу КР жарандарынан Россия Федерациясынын мыйзамдарын так сактоону жана кыргыз элин адаштырган жана терс кесепеттерге алып келген жалган маалыматтарды таратпоону суранат.