2022-жылдын 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында “Азия Молл” соода борборунун жер төлөсүндө “Тойота Камри” маркасындагы автоунаасынын алдынан  РМД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгендиги аныкталган.

Бул окуя коомчулукта ар кандай талкуу жараткан. Унаанын ээси коомдук активист Ильгиз Шаменов болгон.

Аталган унаанын алдына коюлган гранатанын экспертизалык  жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Изилдөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык РМД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо “баш тартуу” берилген. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес, буга байланыштуу бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин ( Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.