Баткен шаарындагы аэропортту жылдыруу үчүн 120 гектар жер каралган. Бирок жылдыруу тууралуу шаар бийлигинин катына «Манас» эл аралык аэропортунан жооп келе элек. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы аэропортту башка жерге куруу боюнча Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтү менен Баткен шаарынын чектешкен аймагынан 120 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Тиешелүү кызматтардан аныктамалар алынып, Баткен шаарынын башкы планына киргизилген.

«Шаардык мэрия тараптан аэропортту белгиленген жерге куруу боюнча «Манас» эл аралык аэропортуна жана тиешелүү жетекчилерге сураныч каты берилген. Бирок, каржы булагы жоктугунан курулуш башталбай турат. Учурда аталган аэропортто оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу каттам токтотулган», — деп айтылат маалыматта.

«Манас эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы 1-августтан 1-ноябрга чейин Баткен аэропорту капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу иштебей тургандыгын маалымдаган. Ушул жылдын март айынын бери Баткен–Бишкек каттамында учактар жумасына 3 жолу учары белгилүү болгон.