Саясат

Теңгиз Бөлтүрүккө эки жума ичинде «Кумтөр» боюнча отчет берүү тапшырылды

Министрлер кабинети «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине жана Теңгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКында тышты башкаруу учурунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту эки жума ичинде берүүнү тапшырды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, өткөн аптада Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырган. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалганы белгилүү болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button