Кылмыш-кырсык

Кримтөбөл Дөө Чынгыздын өлүмүнө шекелип беш адам кармалды

Кримтөбөл Дөө Чынгыз лакап аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө. Алар камакта. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Беш кишиге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылып жатканы такталган. Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бардык шектүүлөр СИЗО-1ге камалды.

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 30-июлда өлтүрүлгөн. Алдын ала версия боюнча, камералаш ага бычак менен көптөгөн жаракаттарды келтирип, тамагын кесип салган.

Буга чейин Чыңгыз Жумагулов кылмыштуу топ түзүү жана ишкерлерден системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button