Баткен облусунда жаңы окуу жылына пайдаланууга бериле турган мектеп жана балдар бакчалардын абалы текшерилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте облустун аймагындагы 5 мектептин жана 1 балдар бакчасынын жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышып чыкты.

“Жалпысынан жаңы 2022-2023-окуу жылына Баткен районунун аймагында Самаркандек айылындагы Өзбек Республикасы тарабынан курулган Сагын Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектеби, Үч-Дөбө айылындагы «Үч-Дөбө» башталгыч мектеби, Сай айылындагы Д. Акматов атындагы орто мектеби, Кара-Токой айылындагы Б. Мергенов атындагы орто мектеби, Ноогардан айылындагы №32 Ноогардан орто мектеби жана  Ак-Сай айылындагы «Капчыгай» балдар бакчасы пайдаланууга берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Лейлек районунун аймагында да  2 балдар бакчасы пайдаланууга берилүү алдында турат.

Облус башчысы билим берүү мекемелеринин даярдыктарын текшерүү учурунда оңдоп түзөө иштерин толук бүткөрүү, кемчиликтерин толуктоо жана курулушту сапаттуу куруу тапшырмасын берди.

Аталган билим берүү мекемелери толугу менен керектүү эмеректер менен толукталып, заманбап шартта курулган. Учурда имаратты ирээтке келтирүү жумуштары гана жүрүүдө.