Саясат

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлерине каршы оюнга чыгат

Президент Жапаров Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Эске салсак, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и текст «MATY ΤΕΓΕΙΣ лукойл матч тч матч вход свободный ветераны снг- ветераны KP 30 августа 18:00 MC стадион им. .омурзакова»

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, 18.00дө башталат.

Футболдук беттештин өзү 20.00дө башталат.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Кирүү акысыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button