КоомЭл үнү

Аскар Салымбеков Лейлек районунун Максат айылына бала бакча куруп берди

«Дордой» ассоциациясынын президенти, меценат Аскар Салымбеков Лейлек районунун Максат айылына өз каражатына бала бакча куруп берди. Бул тууралуу редакциябызга жергиликтүү тургундар билдирди.

Возможно, это изображение 1 человек, стоит, воздушный шарик и на открытом воздухе

Возможно, это изображение 6 человек, ребенок, люди стоят и на открытом воздухе

Маалыматка ылайык, сметалык баасы 31 млн. сомду түзгөн бала бакчанын ачылыш аземине Баткен облусунун губернатору, райондун акими, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Возможно, это изображение 8 человек, люди сидят и люди стоят

“Чек арада  калкын болгон элге бала бакча куруп берген берешен ишкер агабыз Аскар Салымбековго жалпы коомчулуктун атынан ыраазычылык жана алкыш айтабыз”, — дейт айыл тургундары.

Возможно, это изображение 6 человек, люди стоят и в помещении

Белгилей кетсек, Максат айылы өткөн жылы чек ара жаңжалында тажик аскерлери тарабынан өрттөлүп, тонолгон. Түркия мамлекети ураган үйлөрдү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөткөн. Кайрымдуулуктан чогулган каражатка айылдын инфраструктурасы жаңыланып, айылдын кире беришине дарбаза орнотулган.

Возможно, это изображение стол и в помещении

Возможно, это изображение 7 человек и небо

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button