Баткен шаардык мэриясы социалдык тармактарда, “Жаштык” эс алуу багындагы 3 млн. сомго курулуп жаткан ажаткана  боюнча  маалыматка түшүндүрмө берди.

“Баткен шаарындагы “Жаштык” эс алуу багында жеке ишкер Калматов Максатбек тарабынан 144 чарчы метр аянтка 2 кабаттуу санитардык күнүмдүк турмушта пайдалануучу (бытовой) комплекс курулуп жатат. Бул имаратта аялдар жана эркектер үчүн  жуунучу жай, чачтарачкана  бар. Мындан сырткары кир жуучу жай, кийимдерди химиялык тазалоочу бөлүктөрү да болот. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да атайын жай каралган. Ал эми, имараттын 1-кабатына ажаткана да жайгаштырылат. Эки кабаттуу бул комплекстин жалпы суммасы 3 млн. сомго курулууда.

Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана айрым маалымат булактарынын өкүлдөрү!

Баткен шаардык мэриясы тарабынан таркатылган маалыматты бурмалабай, тактап, андан соң маалымат булактарына жайгаштырыңыздар. Ошондой эле маалыматыңыздарга так эмес сүрөттөрдү колдонбоого чакырабыз.

Шаарыбызды өнүктүрүү максатында аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалыматтарды тактабай чыгарып, тоскоолдук жаратпоого чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым жергиликтүү басылмалар Баткен шаарынын “Жаштык” эс алуу багында 3 млн сомго ажаткана курулду деп жазып чыгышкан.