Коом

Кыргызстанда ун жана дан эгиндеринин таңкыстыгы жаралбайт

 Кыргызстанда ун жана дан эгиндеринин таңкыстыгы жаралбайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, калктын буудайга болгон жылдык керектөөсү бүгүнкү күндө 768 миң тоннаны түзөт.

«Өлкөнүн быйылкы көрсөткүчү 650 миң тоннаны түзүп жатат. Бул буудай тоют, кайра иштетүү жана үрөн үчүн арналган. Күтүлгөн көлөм ички суроо-талаптын 65-68 пайызын жаба алат. Былтыр бул көрсөткүч 40 пайызга жакын болчу”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ал эми буудайдын жетпеген бөлүгү Казакстан менен Орусиядан алып келинет. Учурда материалдык резервдер фондунун кампаларында 2023-жылы себүү үчүн алып келинген 6,7 миң тонна жогорку түшүмдүү үрөн сакталып турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button