Коом

Милиция «Ош» базарды мастар менен ызы-чуу салгандардан тазалады

Милициянын Кайгуул кызматы Бишкектеги «Ош» базардын айланасында тартип бузгандарга рейд өткөрүп, аларды атайын автоунаа менен алып кетти.

Мекеменин маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдиргендей, рейддин жүрүшүндө бир саатта эле жакынкы милиция бөлүмүнө 65 адам жеткирилген.

«Булар Кулиев, Пушкин, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүндө топтошуп алып дайыма ичкилик ичип, ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузган кишилер. Алардын ар биринин аты-жөнү жана жашаган жери такталган соң мыйзам чегинде чара көрүлөт», — деди маалымат катчы.

Ушул сыяктуу рейддик иш-чаралар мындан ары да улана турганы айтылды.

https://youtube.com/shorts/dVQgM3vVfnE

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button