Жогорку Кеңештин депутаттары өз фондуна каралган каражатты эки эсе көбөйтүү жана маянасын жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат булагы жазып чыкты.

Учурда региондорго барууга транспорт чыгымы, кагаз-калем алуу сыяктуу муктаждыктарына деп ар бир депутаттын фондуна 40 миң сомдон берилет. Эми аны 80 миң сомго көтөрүү чечими кабыл алынды. Эл өкүлдөрү маяналарын дагы жогорулатууну чечишкен, бирок суммасы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, шаршемби күнү депутаттар кызматтык колдонуудагы купуя документтер келип түшкөнүн айтып, жабык эшик артында жыйын өткөргөн болчу. Аталган маселелер ошондо каралып, регламентке киргизүү боюнча токтом кабыл алынганы айтылды.

Маалыматты эл өкүлү Дастан Бекешев тастыктап, азыркы фонд муктаждыктарга жетпей жатканын белгиледи.

Булак: Sputnik кж