Коом

Чек ара чыры. Кагылышуулар Лейлек жана Баткен райондорунда болуп жатат

Саат 14:00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Лейлек жана Баткен райондорунда айыгышкан кагылышуулар болуп жатат.

«КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүмдөрүндө күжүрмөн иш-аракеттерди жүргүзүү жана тажик тараптын агрессиясына каршы туруу үчүн жетиштүү күч жана каражаттар бар», — деп баса белгиледи Чек ара кызматы.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, таңкы саат 6:00 чамасында тажик тарап чек ара отряддарын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Кийинчерээк тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларын жана чек ара айылдарын минометтон аткылаган. Буга чейин 31 адам жаракат алган. Кагылышуулар үчүнчү күндөн бери уланууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек районунун жети айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button