Коом

Кыргызстан элчиси Сауд Аравия ТИМне Тажикстандын агрессиясы тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары менен жолугушту. Бул тууралуу Элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жолугушууда ал сауд тарапка Тажикстандын Кыргызстанга карата агрессия актысы тууралуу кеңири маалымат берген.

«Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугуштум. Ага 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошондой эле Тажикстандын Кыргыз Республикасына карата пландалган аскерлештирилген агрессия актысы тууралуу кеңири маалымат бердим», — деп жазат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button