Спорт
Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орундан жылган жок
Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдеги 1-орунду сактап калды. Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугундагы жыйынтык менен жаңы рейтинг түзүлгөн.
Сербияда өткөн чемпионаттын жыйынтыгы менен А.Тыныбекова 5-орунду ээлеп, 25000 упай топтогон. Аны упайларынын жалпы саны 119400 болду. Муну мнен көрүнүктүү айырма мнен дүйнөлүк рейтингдин баш сабында турат.
Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 3 орунду ээлеген балбандар акчалай сыйлык менен сыйланат. 2021-жылы 1-2-3-орунга чыккан балбандарга 10000-7000 жана 3000 доллар акчалай байге тапшырылган болчу.
Дүйнөлүк рейтинг (62 кг чейин):
- Айсулуу Тыныбекова — 119400
- Кайла Миракл (АКШ) — 88200
- Нонока Озаки (Япония) — 86000
- Илона Прокопевнюк (Украина) — 68900
- Лаис Нунес (Бразилия) — 66600
- Анна Паула Гонзалез (Канада) — 56640
- Тайбе Мустафа (Болгария) — 52300
- Юкако Каваи (Япония) — 51000
- Ирина Коляденко (Украина) — 42200
- Гантуя Энкхбат (Моңголия) — 36200.