Коом

Алмазбек Рахманкулов: «Сиздер биз таянган зор күчсүздөр»

Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алмазбек Рахманкуловдун Карылардын эл аралык күнүнө арналган куттуктоосу:
«Урматтуу аксакалын жайкалткан аталар!
Урматтуу ак саамайлуу апалар!
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, төрүбүздүн көркү болгон биздин сыйлуу аксакалдуу ардагерлер!
Баардыгыңыздарды келип турган карыялар күнү менен өзүмдүн, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, жалпы эле районубуздун 148 миң калкынын атынан чын жүрөктөн куттуктаймын! Сиздерге узун өмүр, чын ден соолук, кажыбас кайрат, үй бүлөңүздөргө тынчтык жана бакыт-таалай, бакубатчылык каалаймын.
Элибизде “Карысы бардын ырысы бар” деген, өтө туура айтылган сөз бар. Сиздер биздин төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту, коомубуздун ардактуу инсандары болуп эсептелесиздер. Сиздер менен үйүбүз толо, ырыскыбыз кенен. Коомубуз үчүн жасаган эмгегиңиздер баа жеткис, канчалаган кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, аларга чыдап, келечек муун үчүн кам көрүп келдиңиздер. Азыр дагы коомдон сыртта калбай өзүңүздөрдүн мол тажрыйба менен жаштарга насаат айтып, таалим-тарбия берип келесиздер.
Бүгүнкү күндө районубуздун аймагында 17048 ардактуу эс алуудагы жарандарыбыз болсо, анын ичине 90 жаштан ашкан 36, 100 жаштан ашкан 2 карыябыз арабызда жашап жаткандыгы бизди кубандырат. Сиздер биздин коомдун көркү эле эмес, келечекке жол көрсөткөн, керек учурда кеп-кеңеш берип турган, биз таянган зор күчсүздөр.
Урматтуу майрам ээлери, ардактуу карылар!
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун, элибизге кут келип, тынчтык, бакубатчылык орносун!».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button