Коом

Бишкек мэриясы жылуулук качан бериле турганын билдирди

Бишкекте жылуулук беш күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градуска жеткенде берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден — мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине.

Мэрия суукка даярданууну — терезе-эшиктерди жылуулап, отун камдап, жылуу кийинүүнү суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button