Коом

Тарыхтан терең түшүнүгү бар адам гана Кемпир-Абад маселеси боюнча бир нерсе айта алат

Кыргызстандын калкы интернет айдыңызда «диван» эксперттери ойлоп тапкан жаңы эмоционалдуу толкунду баштан кечирүүдө. Виртуалдык аалам Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу пикирлер жана божомолдорго толуп кетти. Анын Өзбекстанга берилиши же Бишкек менен Ташкенттин ортосунда ратификацияга даярдалып жаткан чек ара сызыгы боюнча келишимдин алкагында эмес деген тескери божомолдор да айтылып жатат.

Президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кечээ Өзгөнгө атайын барып, анда жергиликтүү элдер менен жолугушууда Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдерди жана аймактарды тактоонун шарттарын түшүндүрүп беришти. Бул процесс өтө татаал жана Тажикстан менен тынымсыз чыр-чатактарды эске алганда кошуналар ортосунда келишим болбосо эки тарапты тең тирешүүгө түрткөндө эмне болору айдан ачык.

Саясий серепчилер жана эксперттер дагы бул маселе боюнча жетиштүү маалыматка ээ эмес экендигин айтышып, комментарий берүүдөн баш тартышууда. Интернетте күндүн темасына айланган бул маселени блогерлер, журналисттер же активисттер эмес, тарыхчылар, чек ара маселелери жана эл аралык маселелер боюнча абройлуу эксперттер гана талкуулай алышат.

Биз азыр барынан мурда Кыргызстандын ички коопсуздугуна коркунуч туудурган кезектеги дүрбөлөңгө туш келип жатабыз. Коомчулук Кемпир-Абад келишими боюнча толук маалыматка ээ болбосо дагы терс маалыматтарга суугарылууда.

Президент жана УКМКнын башчысы Өзгөндө аймактын активисттери менен узак жана ачык-айкын сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Көйгөйдү тереңинен билүүнү каалагандар аябай көп болгондуктан жергиликтүү администрациянын залы баарын батары алган жок. Ошондуктан коомчулуктун өкүлдөрү өлкө башчысы менен жолугушууга кезек-кезеги менен киргизилди.

Түшүнгөнү түшүндү, түшүнбөгөнү түшүнгөн жок, бул эми башка маселе. Бул темада саясий упай топтоп жаткан депутаттардын айтымына караганда, алар деле бул маселени толук түшүнүшө элек. Муну, маселен, Казакстан менен чек араны тактоо маселелери боюнча тажрыйбалуу адис Адахан Мадумаров чынчылдык менен мойнуна алды. “4 миңден ашык гектар жер кетиптир, бул үчүн компенсацияны 1965-жылдары эле алганыбызды айтышты. Ошондуктан мындай жолугушуулар ачык өтүшү керек”, — деди ал “Азаттыкка” маек берип жатып.

Ал эми Өзгөндөгү ушул эле жолугушууга катышкан депутат Жанар Акаев журналисттерге таптакыр башка маалымат берди. “Президент жана УКМК башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы абал боюнча деталдуу маалымат беришти. Жашоочулар курч суроолорун узатышты. Алар бир метр дагы жер өзбек тарапка өтпөнүн айтышты. 1965-жылдагы карта боюнча айрым тилкелер Өзбекстандыкы экенин түшүндүрүштү, бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бары чечилгенин, Кыргызстан эч нерсе жоготпонун айтышты. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча суу дагы, жер дагы биздики экенин билдиришти. Айрымдар президентке ишеништи, кээ бирлери ишенишкен жок. Биз азырынча бир нерсени тастыктай да, төгүндөй да албайбыз, бизде документтер жок. Бирок документтер Жогорку Кеңешке ратификациядан өткөндө аларды абдан кылдат изилдейбиз”, — деди Акаев.

Башкача айтканда биз кайрадан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча толук маалыматты депутаттар дагы билбей турганына келебиз. Же алар президент менен эмне жөнүндө сүйлөшүшкөнүн так түшүнбөгөндөй түр көрсөтүшүүдө. Ошентип негативдүү маалыматтарга сугарылган эл бийликке каршы чыгышууда, а бирок Өзбекстан менен чек араны тактоо тууралуу расмий жана деталдуу маалымат жок. Балким дүрбөлөңгө түшүүгө азырынча эртедир?

Булак: Кабар.kg

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button