Коом

“Адахан Мадумаров талаш жерлерди Тажикстанга берүүгө макулдук берген”

Социалдык тармактарда Тажикстандын мамлекеттик ишмери, Тажикстандын экс-тышкы иштер министри, Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Хамрон Зарифинин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүүсү тарап жатат.

Зарифинин айтымында, 2005-2010-жылдары Адахан Мадумаров башында турган Кыргызстандын расмий өкмөтү жерди Тажикстанга берүүгө макул болгон».

Төмөндө Хамрон Зарифинин сөзү:

Бүгүнкү күндө тажик-кыргыз чек арасынын тегерегинде жаралган кырдаал курч бойдон калып, ал согуш отун тутантууга себеп болуп жатат. Менимче учурдагы кыргыз бийлиги бул маселени чечүүгө кызыктар эместей. Себеби Тажикстандын бир нече жолу маселени чечүүгө жасаган аракети майнапсыз болду. Менин оюмча 2010-жылга чейин бийлик жүргүзгөн Бакиевдин убагында  эки өлкө ортосундагы чек арага байланыштуу аракеттер алгылыктуу жүргүзүлгөн. Эгер Бакиев бийликте болгондо тажик-кыргыз чек арасындагы азыркыдай кайгылуу окуялар орун алып, кан төгүүлөр болмок эмес. Анткени ошол кезде жооптуу кызматты аркалап турган, азыркы депутат, мамлекеттик ишмер, биздин ардактуу досубуз Адахан Мадумаров башында турган кыргыз бийлигинин расмий өкүлдөрү чек араны чечүү иштерин так жүргүзүп, азыр кыргыздар талашып жаткан тажик мамлекетинин жерлерин Тажикстанга кайтарып берүүгө макулдук беришкен. Эгер ошол иштер аткарылып, керектүү документтерге кол коюлуп калганда, азыр эки өлкө достук алакада болмок. Тилекке каршы Бакиев бийликтен кетип, иштер токтоп калган. Эми бул маселеге чекит коюш үчүн учурдагы кыргыз бийлиги чек ара маселесин чечүүгө кызыктар болуп, Адахан Мадумаровго окшогон адамдарды ортого салып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек деп ойлойм”, — деп белгилейт Зарифи.

Булак: Социалдык тармактар

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button