Саясат

Эрбол Султанбаев: Чек ара маселесин карап жаткан ЖК комитетинин жыйыны ачык өтүүдө

Чек ара маселесин карап жаткан Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны бардык каалоочулар үчүн ачык өтүүдө. Ага коомчулуктун өкүлдөрү — эксперттер, коомдук ишмерлер катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн дагы чектөө жок экендигин кошумчалады. «Бирок, каралып жаткан маселелердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен видеого тартууга болбойт. Кечээ, тийиштүү органдардын жетекчилери президентке жыйынды ушундай форматта өткөрүү максаттуу экенин билдиришти дейт», — дейт Султанбаев.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу талкуу өткөрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button