Коом

Байсалов өлкөнүн ЖККУ машыгуусунан баш тарткан себебин айтты

Жакында эле болгон чек арадагы кагылышуудан улам кыргыз коомчулугу ЖККУнун машыгуусуна Тажикстан армиясынын катышуусун жактырмак эмес. Мындан улам иш-чараны өткөрүүдөн баш тартууга туура келгенин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

«Биз ЖККУнун айныгыс мүчөсүбүз, бул уюм менен эч кандай көйгөйүбүз жок. Мандат, миссия, устав боюнча да маселе жаралбайт. Бирок жакында эле болгон окуядан кийин жүрөк жаралуу болуп турат. Кырдаал ушундай болуп калды, Кыргызстандын коомчулугу тажик коңшуларыбыздын ошол эле куралдуу бөлүктөрү машыгууга келишине нааразы болмок», — деди Байсалов.

Буга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлиги октябрда Балыкчыдагы «Эдельвейс» полигонунда боло турган ЖККУнун «Бузулгус достук — 2022» машыгуусун өткөрүүдөн баш тартканын билдирген.

«Ал эми аларсыз (Тажикстан — ред.) «силер келбегиле, казактар, орустар жана беларустар келе бергиле» дегендей болуп калат. Бул туура эмес, ошондуктан машыгууну өткөрүүдөн баш тартууга туура келди, муну ЖККУнун бардык өлкөлөрү түшүнүү менен кабыл алды», — деди Байсалов.

Өкмөт башчынын орун басары ошол эле учурда кээ бир тараптар маселенин түпкү маанисин бурмалап жатканына тынчсыздануусун билдирген.

Белгилей кетсек, Тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button