Саясат

“С.Жапаров В.Путинге кыргыз-тажик чек арасы боюнча ортомчу болушу үчүн кайрылган”

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинден кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүү боюнча жардам сурады. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Ал Астанада өткөн үч тараптуу сүйлөшүүдө болгон кептер тууралуу азыноолак айтып берди.

«Ачык сүйлөшүү жүрдү. Анын [Садыр Жапаров тууралуу] чек ара боюнча башкы позициясы — стол үстүндө сүйлөшүп, тынч жол менен чечүү. Мындан ары дагы ушул принципте болобуз. Че арадагы чечилбеген маселелер чек арадагы жаңжалга, агрессияга алып келет. Ал (президент С.Жапаров) ошону айтты», — деди Иманкулов.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы тажик тарап 1924-27-жылдардагы карталарды негиз кылып чек ара маселесин тактайбыз деп жатканын айтты. Ал эми кыргыз тарап «ал убакта Тажикстан мамлекети жок болчу» деп 1991-жылы СССР тарагандан кийин административдик чек аралар мамлекеттик деп таанылган документтин негизинде сүйлөшүүнү талап кылганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери 13-октябрда Астанада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү талкуулашкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button