Коом

Сүйүнчү! Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Статкомдон ымыркай кайсы облуста төрөлгөндүгү тууралуу толук маалыматты түшкөн кийин бере тургандыктарын белгилешти.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button