Кеңеш
Адис жубайлардын ажырашарынан кабар берген 6 белгини атады
Психоаналитик Филипп Татаренко акыры ажырашып кете турган жубайларды кантип аныктаса болорун «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде айтып берди.
Никенин көпкө узабасын көрсөтүп турган белгилер:
1. Жубайлардын биринин ата-энесинен көз карандылыгы. Мындай учурда өз алдынча чечим кабыл алуу болбой, бүлө ичинде пикир келишпестик пайда болот;
2. Жаңы түзүлгөн үй-бүлөнүн бир бүтүнгө айлана албай калышы. Мында ар ким өз арбайын согот дагы, ынтымак пайда болбойт;
3. Төшөк мамилесиндеги нааразычылыктар. Жубайлардын бири-биринен ырахат алуусуна эч бир жагдай тоскоол болбошу керек;
4. Балага баш-оту менен берилип кетүү. Канча балалуу болгон күндө дагы аял менен эркек экөөнүн ортосундагы «мамилени» унутта калтырбашы керек;
5. бири-бирин колдой албастык же бири экинчисинин кызыкчылыктарына көз жумуп коюусу;
6. Бири-бирине кечиримдүү боло албашы.
Адис үй-бүлөсү менен узак жана бактылуу жашагысы келген адамдар аталган көрүнүштөрдү жок кылуу керектигин эскертет.