Коом

Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

Активист, болгер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Кабарга» Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Белгилей кетсек, райондук сот 19 жаштагы блогерди Бишкектеги №1 тергөө абагына 14-октябрга чейин камоо боюнча чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, “Полит Узник” баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, анын администратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматына чакырылган.

Жекшеналиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандык») 3-пунктуна («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button