Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды
Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, көргөзмөгө жалпысынан кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюлган.
«Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты.
Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, алардын көз жоосун алууда»,- деп айылат билдирүүдө.
Учурда Улуттук музей жетекчилиги көргөзмөнү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтыруу сунушу менен чыгууда. Мындай кадамдар, аталган көргөзмөгө кызыгып келген жарандардын көп болгонудугу менен негизделүүдө.