Маданият

Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят и в помещении

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө жалпысынан кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюлган.

«Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү,  Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин  директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты.

Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, алардын көз жоосун алууда»,- деп айылат билдирүүдө.

Возможно, это художественное изображение (3 человека, люди стоят и в помещении)

Учурда Улуттук музей жетекчилиги көргөзмөнү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтыруу сунушу менен чыгууда. Мындай кадамдар, аталган көргөзмөгө кызыгып келген жарандардын көп болгонудугу менен негизделүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button