Коом

Сеулда каза болгондордун арасында казакстандык студент да бар

Сеул шаарынын оперативдүү штабынын жана полициясынын маалыматы боюнча, Итаевон аймагындагы трагедияда каза болгондордун арасында Казакстандын жараны бар экенин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 26 жаштагы Актөбө облусунун тургуну каза болгон. Ал Түштүк Кореядагы университеттердин биринде студент болчу.

«Казак дипломаттары маркумдун жакындары менен байланышта, алар документтерди даярдоодо жана сөөктү андан ары Казакстанга жөнөтүүдө бардык зарыл жардамдарды көрсөтүшүүдө», — деп билдирди Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 29-октябрда Сеулдун борборундагы Итаевон сейилдөө көчөсүндө Хэллоуин майрамы өтүп жаткан маалда тыгын болгон. Анын кесепетинен 151 адам каза тапты.

Түштүк кореялык басылмалардын маалыматына караганда, тепселең барлардын биринде атактуулардын концерти тууралуу тараган ушактан улам болушу мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button