Коом

Орозайым Нарматовага буга чейин эле кылмыш иши козголуш керек болчу. Себеби …

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматовага кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылып, 2 айга камакка алынды. Орозайымды Москвадан кармап келгени айтылды. Ал ɵзүнүн жаш жана аялзаты экенине карабастан бир нече жолу социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу Кыргызстандагы азыркы бийликти орой жана мазактаган, жеке аброюна шек келтирген сɵздɵр менен каралап, ар кандай маанидеги билдирүүлɵрдү жасап келген.

Нарматованын ɵмүр баянында 2015-2017-жылдары «Мекенчил» партиясынын теңтɵрайымы болгону жазылып турат. Демек, 2020-жылы «Мекенчил» партиясынын лидерлеринин бийликке келишине салымы чоң болгон. Бир учурларда алар тилектеш, тарапташ болгон. «Жылан чагып, жылкы теппей эле» бийлик алмашуудан кийин ал 2020-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарына кирип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, миңдин тегерегинде добуш алып, депутат болуп келет. Нарматова депутат болгонго чейин эле жогорку билими жɵнүндɵ диплому жасалма деген маалыматтар чыга баштаган. Президенттин тапшырмасы менен атайын кызмат бир катар депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерет. Алардын ичинде Орозайымдын диплому дагы текшерилип, натыйжада Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин дипломун Россияда жүрүп, сатып алганы аныкталат. Тергɵɵ иштеринин жыйынтыгы менен БШК 2022-жылы мандатынан ажыратат.

Ошентип, Нарматова мандатынан ажырап, Россиядагы мигранттык жашоосун улантып, кайрадан соцтармактын «жылдызына»  айланат. Биздин элге бирɵɵгɵ сын айткан, тепкилеген жагат эмеспи. Ошондо «сен эр жүрɵк, баатыр кызсың» дешип далыга тапташат. Мындайлардын баары эзели эч нерсе жакпаган, жасаган иши жок, ɵмүр боюу наалып, мамлекетке, бийликке нааразы болгондор.

Ал эми кыргыздын салтын, наркын билген, саясаттан, мамлекеттүүлүктɵн кабары бар,  тынчтыктын  баркын билген, билимдүү, илимдүү адамдар социалдык тармактардагы Орозайымдын түз эфирдеги одоно сɵздɵрүн айыптап, «саясатка билими жок келдиң, ар кимдин куурчагы болбой жогорку билим алып, ɵзүңдү ɵстүр, үй-бүлɵ күт, бала тарбияла, аялдык вазийпаңды аткар, кыргыздын кыздары кантип сендей болсун» деген пикирлерин билдирип жатышты.

Азыр Орозайымды Кемпир-Абадга каршы чыкканы үчүн камадыңар дешүүдɵ анын тарапташтары. Негизи, буга чейин эле аны түз эфирдеги мамлекет башчыларына карата айткан ыплас сɵздɵрү, шылдыңдоолору, негизсиз айыптоолору үчүн деле кылмыш ишин козгоп койсо болмок. Бирок, Орозайымга эч ким теңелген эмес.

Мисалы, 2016-жылдын март айында Башкы прокуратура 2017-жылдын ноябрында кызматынан кеткен президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп, «Заноза» басылмасына каршы беш доо арыз берген. Атамбаев басылма ал тууралуу жалган маалымат тараткан деп эсептеген.

“Занозанын” негиздөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып беш доо арыздан тең утулуп, сот президентке жалпысынан 27 миллион сом төлөп берүү чечимин чыгарган.  Журналист Нарын Айып соттун чечими менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу материалдарды төгүнгө чыгарган материалды сайтына жарыялаган. Кийинчерээк Атамбаев доо арызынан баш тартып, кайтарып алган.

Биздин азыркы бийлик дагы майдаланып, Орозайымдын кɵчɵ сɵздɵрүнɵ чычалап, териксе, оор беренелер менен сотко кайрылып, кылмыш жоопкерчилигине тартмак. Муну да эске алуу керек.

Учурда Орозайым Нарматова Кемпир-Абадды шылтоолоп, массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалды. Эми мыйзам алдында жооп берсин. Нарматова тилин тыйбаса, саясат жүргүзгɵндү билбесе, билими, акылы жетпесе, тилинин заары, чечендиги, кекчилдиги менен алыс узабайт. Жадакалса, тарапташым, партиялашым деп жүрɵгүн арнап жүргɵн Адахан Мадумаров дагы Орозайымдын кармалышы тууралуу ооз ачкан жок. Орозайымды негизсиз кармашса, Мадумаров эчак сайрап коргоп, чыкмак.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button