Коом

Баткендеги аскер кызматкери: “Айлыкты кара, 90 миң сом, түшүмбү же өңүмбү?!..”

Социалдык байланыш тармактарында Баткендеги аскер кызматкеринин айлык алгандагы эмоция менен сүйлөгөнү тарап жатат.

Ал, картасындагы түшкөн акчаны досуна жиберип, “Айлыкты кара, түшүмбү же өңүмбү? Ишенбей кайра-кайра карап коем, чын эле ушунча алдымбы деп. Иса, муну кара, 90 миң сом дагы түшүрөбү, адамдын жүрөгүн түшүрүп!”, – деп кубанып жатканын угууга болот.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөнүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жогорулаган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button