Коом

КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунда каржылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана тренингдер өттү

31-октябрда бүт дүйнөдө өткөрүлүп жаткан Аманаттын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алкагында КР Улуттук банкы, Кыргызстандын банктар бирлиги жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (“БПБ” ЖАК) КР БШКнын жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун аянтчаларында каржылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана тренингдер өткөрүштү. Бул тууралуу КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борборунан кабарлашты.

 

Калктын каржылык сабаттуулугун жана аманат салуу маданиятын арттыруу иш-чаранын максаты болуп саналат, бул үй-бүлөнүн бюджетин ашкере чыгымдардан коргоого жана акыл-эстүү каржылык чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт.

Иш-чарага ЖОЖдордун студенттери катышты. Иш-чара республиканын бардык аймактарындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда көрсөтүлдү.

КР Улуттук банкы калктын каржылык сабаттуулугу боюнча лекция өткөрдү, анда каржылык сабаттуулук түшүнүгүнүн мааниси ачылып, Кыргызстандагы каржылык сабаттуулуктун деңгээли, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу ресурстары, каржылык ийгиликтин эрежелери, анын ичинде аманаттардын зарылдыгы жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

“БПБ” ЖАК өкүлдөрү презентация жасап, QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды кабыл алып, төлөөгө мүмкүндүк берүүчү төлөм тиркемелери жана өнүмдөрү, төлөм тиркемелерин жана банк карталарын пайдалануу менен алдамчылык операцияларын азайтуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Кыргызстандын банктар бирлиги тарабынан чакан жана орто бизнес (ЧОБ) үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окутуу платформасын пайдалануу жана мындан ары онлайн курсун өтүү боюнча окутуу онлайн тренинги өткөрүлдү.

Студенттер каражаттарды инвестициялоо, аманаттар боюнча, мобилдик банк тиркемелерин пайдалануу боюнча кызыктырган суроолорду берип, практикалык мисалдар менен коштолгон жоопторду алышты.

КР Улуттук банкы менен Кыргызстандын банктар бирлиги КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналат. Тараптардын кызматташуусу калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу, каржылык билим берүүнүн санариптик каражаттарын жайылтуу боюнча биргелешкен агартуу, билим берүү, маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнү көздөйт.

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан буга чейин Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы тарабынан Бишкек жана Ош шаарларындагы, Ош, Чүй, Баткен жана Талас облустарындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу боюнча окутуу курстарын өткөрүүнү уюштургандыгын белгилей кетүү керек. Кийинки этапта Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу боюнча окутуу курстарын өткөрүү пландалууда.

www.jaran.kg сайтындагы жаңылыктарга көңүл буруңуз. Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же [email protected] электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот.

 

Эсиңизге салабыз: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган. Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button