Эл үнү

Данияр Абдыбеков, блогер: “Билими жок, ата-энесинин мойнунда жүк болуп отурган, бирок акыл үйрөткөн Тилекмат сыяктуулар бар”

-Кыргыз саясатында бир практика бар. Бийликке асылып, кыйкырып, атайын мыйзам бузуп, жыйынтыгында Америкага качып баш паанек алып тирчилик кылышат.

Мен Тилекмат Куренов деген жигит боюнча жазгым келди, акыркы күндөрү чектен ашкан, адекватсыз билдирүүлөр менен улам кайрылуу, билдирүүлөрдү кылып жатат. Менин маалыматыма караганда ал Америкага саясий баш паанек сураганы кетип, азыр процесс жүрүп жатыптыр.

Акыркы жолу ал, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулун адам өлүмүнө тийешеси бар деген жалаа кылды.

Урматтуу жаштар, достор. Кыйкырып, акыл үйрөткөндөн мурда кичине өзүңөрдү күзгүдөн карап койсоңор. Тилекмат Куренов мектепти эптеп бүткөн, жогорку билим алган эмес. Эч бир мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы жок. Ар кайсы жаштар коомдук бирикмелеринде аралашып, кыйкырып жүргөн. Бишкекте такси болуп иштеп жүрүп, кийин Москвага жумуш издеп кетип, Россиянын аймагында такси кылып иштеп көргөн. Кийин кайра кайтып келип, саясий топторго кошулуп алып оозуна келгенди айтып жүрөт. Сүйлөсө чек араны кантип чечүү, экономиканы кантип көтөрүү, элди кантип башкаруу тууралуу акыл үйрөтөт. Бирок чек араны кой, өзүнүн үйүнүн алдын коргон менен тосуп көргөн эмес, 40 жашка жакындап калса дагы ата-энесинин мойнунда отурган бекерчи.

Акыркы кезде коомубуз дагы ушундай ээн ооз, эзели бир ийгилик жаратып көрбөгөн, түз эфирде эле эшектей айкыра бергендерди “ай ушул азамат окшойт, ушул кыйын окшойт, ушул патриотпу ия?”-деп талкуулашат.

Булар коомдун ириткилери, жаштарды терс ой жүгүртүүгө багыт берген бузукулар. Жаштар азыр тунук ой жүгүртүүгө, жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүгө, билим алууга ынтызар болушу керек. Тишинин кирин соруп, үйүндө жамбаштап жатып алып, ата энесинин мойнуна жүк болуп, анан элге акылдуу болуп кыйкыра бербей. Мындайлар жалгыз эле Тилекмат Куренов эмес, дагы көптөрү бар.

Элди башкарууну эмне кыласыңар, үй бүлөөңөрдү бакшарып алгыла. Экономиканы эмне кыласыңар, үй бүлөөңдү тыңдап багып ал! Чек араны эмне кыласыңар, үй куруп, корооңду тосуп алчы биринчи! Анан сүйлө!

Саясий баш паанек алыш үчүн ар кимге жалаа жаап, бузукулук кыла бербей адал оокат кылганды үйрөнгүлө!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button