«Эдельвейс» тоодон куткаруу тобунун имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, “Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин” жетекчиси Уулкан Байгубатова, КДМБнын башчысы Ырысбек Жолдошбаев катышты.

КДМБнын өздүк курамынын күчү менен имаратка капиталдык оңдоолор жасалган. Учурда аталган тоо куткаруучулар тобу тиешелүү шаймандар, керектүү жабдыктар менен жабдылып, жардам берүүгө даяр.

“ӨКМ министри Бообек Ажибековдун демилгеси менен “Эдельвейс” тоодон куткаруу тобу түзүлгөн. Тоодон куткаруу кошууну 24 куткаруучудан турат. Кошуун тоодон куткарууга ылайыкталган унаа менен жабдылып, «Кызыл ай коому» аркылуу он куткаруучуга тоодо кийилүүчү жылуу кийимдердин комплектсин алдык. ӨКМдин алдындагы “Эдельвейс” куткаруучулардан турган спецназ куткаруу иштерине даяр турат», — деди Ырысбек Жолдошбаев.

Анын айтымында, Кыргызстандын тоолоруна альпинисттер, туристтер келип кырсыкка кабылып калса, тоо куткаруучуларынын кошууну куткаруу иштерин аткарат.

Алардын курамында фельдшер, байланышчылар, альпинисттер, айдоочулар бар.