Коом

«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды

«Манас» бажысы 1 млн сомдон ашык суммадагы контрабандалык табигый уютундуну кармады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Ушул жылдын 11-ноябрында Бишкек – Дубай авиакаттамы менен учуп келе жаткан Fly Dubai авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөл зонасынан өтүүдө, Кытай жараны «И.Т.» кармалган.

“Жарандын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү
тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн. Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 1 млн 836 миң сомду түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

 

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КРын мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button