Саясат

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызстан менен жалпы тилге, ишенимге, тарыхка, маданиятка жана баалуулуктарга негизделген терең жана көп кырдуу мамилелерибиз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенине кубанычтамын.

Биз мындан ары да достук жана боордош Кыргызстан менен болгон мамилелерибизди эки тараптуу жана аймактык деңгээлде, өзгөчө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында көп тараптуу форматта өнүктүрүү үчүн өз ара аракетибизди жумшайбыз, ошону менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттарында коопсуздук, стабилдүүлүк жана гүлдөп-өнүгүүгө салым кошобуз.

Кымбаттуу бир тууганым, Сизди туулган күнүңүз менен куттуктап, бир тууган элдерибиздин ортосундагы байланыштар бекем болуп, күн санап тереңдей турган эки тараптуу мамилелерибиздин аркасы менен Түркия жана Кыргызстандын достугу кылымдар бою сакталып калуусун каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button