Коом

Баткенде жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочуларына карата атайын рейд өткөрүлүүдө

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын өздүк курамы тарабынан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу максатында, Баткен облусунун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочуларына карата атайын рейд өткөрүлүүдө.
Рейд учурунда автобекеттерде жүргүнчү ташуучу автоунаалардын техникалык абалы текшерилип, жайкы дөңгөлөктү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, унаанын бардык тетиктери оң абалда болгон учурда гана каттамга чыгаруу талаптары коюлду. Мындан сырткары жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген мекемелердин жетекчилерине, тийиштүү кызмат адамдарына эскертмелер берилди.

Облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Баткен ОИИБдин ЖКККБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button