Коом

Бишкекте окуучулар эки күн онлайн окуй турган болушту

Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн окуй турган болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Мындай чара Бишкекте өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына карата жолдордун маал-маалы менен жабылышына байланыштуу экендиги айтылат.

«Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 9-10-декабрь күндөрү онлайн окуу уюштурулат. Мектеп директорлоруна бул чечим тууралуу ата-энелерге кабар берүү милдети коюлган», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button