Коом

ИИМ: Аскер кызматчыларына диний экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттери тууралуу маалыматтар берилди

2022-жылдын 12-декабрь күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021–2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тапшырмасына ылайык, ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын арасында “Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү” аттуу теманын алкагында практикалык семинар уюштурулду.

 

Бул иш-чарада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук инспектору милициянын полковниги Манас Аманбаев тарабынан аскер кызматчыларына “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Андан сырткары, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер эскертилип, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button